<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Am</key>
<title>Жүрөктөрү биригип жуп болушуп</title>
<lyrics>[V1]
.     Am                 Dm
 Жүрөктөрү биригип жуп болушуп,
.  G                       C/E7
 Кудай берип батасын баш кошушуп.
.  Am                     Dm
 Каалоо-тилек айталы эки жашка,
. G                         C
 Аруу тутуп жашоосун, бак конушун.

[C1]
.     Am             A7           Dm
   Жандай басып келатышат жаш жубайлар,
.   G                 C         E7
   Куп жарашып бир-бирине, жетелешип,
.        Am                Dm
   Ата-энеси болушуп уул-кыздын,
.  G                       Am  E7/Am
   Ак тойлорун жүрүшсүн белгилешип.

[V2]
 Кол кармашып түбөлүккө бирге жүрүп,
 Кудайынын эрки менен өмүр сүрүп,
 Жарык болуп айланага жашооң менен,
 Эсен жүрсүн балдарыңар ойноп-күлүп.

[V3]
 Жаш жубайлар келе жатат катар басып,
 Чачыласын апалар шаңдуу чачып.
 Каалоо-тилек айталы эки жашка
 Кызматына Теңирдин тургун шашып.</lyrics>
</song>